Украинадагы согуштан улам орусиялыктар Кыргыз паспортун ала башташкан. The Moscow Times гезитинин жазганына караганда, орусиялык бир катар белгилүү жарандар Кыргызстандын паспортун алышкан. Президент Садыр Жапаровдун Кыргыз жарандыгына кабыл алуу жөнүндөгү жарлыгында аты аталгандардын арасында маалыматтары толук дал келген адамдар бар.
Мисалы:
- Орусиянын Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин;
- Орусиянын Өкмөтүнүн жогорку сот инстанцияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызы Наталья Барщевская;
- Bitzlato крипто биржасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Антон Шкуренко;
- Жеке ишкер Валерия Задоринанын 2 уулу ‒ Александр жана Михаил;
- «Наши» кыймылынын комиссары Мария Дрокова;
- «Сколково» фондунун вице-президенти Кирилл Каем.