Украинадан чыгып кете элек 100дөн ашуун Кыргыз жараны бар

Украинанын аймагынан чыгууну каалаган Кыргыз жарандарын үчүнчү мамлекеттер аркылуу эвакуациялоонун алкагында Тышкы иштер министрлигинен маалымат таратышты.

Украинанын аймагынан чыгып, үчүнчү мамлекеттердин аймагында жайгашып турган Кыргыз жарандарын мекенине алып келүү максатында Бишкектен Консулдук кызмат департаментинин эки кызматкеринен турган ыкчам топ Польшага чыкты. Азыркы кезде аталган топ Варшавада иш алып барышууда. Дипломаттар Польшанын шаарларында кыргызстандыктар жайгашкан бардык пункттарды кыдырып чыгышты. Мекендештерге тамак-аш уюштурулуп, жергиликтүү бийлик органдары менен кыргызстандыктардын мыйзамдуу туруусу жана андан ары Кыргызстанга алып кетүү маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

8-мартка карата маалымат:
Кыргызстанга келген жарандар  – Венгриядан — 91 жаран.
Коопсуз өлкөлөргө чыгарылгандар:
Польша — 201 (Польша тарабынан миграциялык кызматынын маалыматына ылайык, элчиликтин көмөгү менен 150 Кыргыз жараны киргизилген);
Словакия — 20;
Румыния — 19;
Түркия – 66;
Молдова – 21;
Чехия — 85;
Башка өлкөлөр (Литва, Германия) — 13;
Коопсуз жерлерге (үчүнчү өлкөлөргө) жалпысынан 412 Кыргыз жараны чыгарылды.

Бүгүнкү күнү алдын ала маалымат боюнча, Украинанын шаарларында 100дөн ашуун мекендешибиз калышууда.