Украинанын аймагында өзгөчө кырдаалдын киргизилгендигине байланыштуу, Украинанын аймагынан чыгууну каалаган Кыргыз жарандарын үчүнчү мамлекеттер аркылуу эвакуациялоонун алкагында Тышкы иштер министрлигинен маалымат таратышты.
5-мартта Кыргыз Республикасынын 35 жараны (булардын ичинен 13ү бала, 22си чоң адам) Львов шаарынан Польшага эвакуацияланды. 6-мартта Молдова-Румыния-Болгария багыты боюнча Украинадан кеткен 45 адам Түркиянын чек арасынан өттү. Бүгүн, 7-мартта дагы 25 Кыргыз жараны Молдовадан Түркияга автобус менен кетишет, ал жерден бардык жарандар мекенине андан ары баруу үчүн жолдо жүрүү документтерин ала алышат.
Алдын ала маалымат боюнча, Украинанын аймагында жүргөн жарандардын өздөрүнөн жана алардын жакындарынан түшкөн чалууларга ылайык, Кыргыз жарандары дагы эле Украинанын шаарларында калышууда жана алардын дээрлик ар бири менен байланыш бар. Министрлик активдүү согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларда жүргөн Кыргыз жарандарына атайын коргонуучу жайларда болууну сунуштайт.
Кыргызстандын Украинадагы Элчилиги:
+380997573413;
+380442370346;
+380442370348, ошондой эле элчиликтин «WhatsApp» тобу.
+380442370348, ошондой эле элчиликтин «WhatsApp» тобу.
Министрликтин Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери;
+996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.