Украинадан Венгрияга 100дөн ашык кыргызстандык эвакуацияланды (видео)

Украинадан Венгрияга 100дөн ашуун кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын 107 жараны эвакуацияланган, алардын 34ү жашы жете элек балдар.