Укук коргоочу: «Ирактан келген балдар тууралуу маалымат купуя сакталышы керек»

Ирактан алынып келинген балдардын баары өз туугандарына асыроого берилет. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова  Serep.kg порталына билдирди.

Анын айтымында, балдар ар кайсы улуттан болгон менен баары тең Ирак түрмөлөрүндө калган кыргызстандык аялдардын балдары. Эң кичүүсү 2 жашта болсо, улуусу 18 жашка чыгып калган бала.

«Эл аралык уюмдардын колдоосу менен мамлекет жакшы иш жасады. Мында мамлекет башчылардын дагы саясий эрки болду. Буларды жөн эле алып келишкен жок: алып бара турган жерди, психолог, медиктерди, оюнчук, окуу куралдарынан бери даярдап туруп, анан алып келди. Өтө терең пландаштырган жумуш болду«, — деди укук коргоочу.

Азиза Абдирасулованын белгилешинче, эми мамлекеттин алдында бир топ жоопкерчилик турат. Эң биринчиси — балдарды документтештирүү.

«Көбү Кыргызстанда төрөлүп, эмчектеги кезинде ата-энеси менен кеткен балдар. Бирок ал жактан алардын документтери жоголуп кеткен. Эми документтерин калыбына келтириш керек. Экинчиси, ошол жакта төрөлгөн балдар бар. Алардын колунда эч бир документ жок, «төрөлдү» деген гана бир кагазы бар экен. Аларга документ жасап берүү керек. Бирок бул маселени ойлонбой деле койсо болот, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан бул этаптарды басып өттү. Алар документтештирүүнүн мыйзамдуу жолун тапты. Биз ошолордун тажрыйбасын колдонсок болот«, — дейт ал.

Мамлекеттин алдындагы экинчи маселе -балдарды медициналык кароодон өткөрүү. Балдар түрмөлөрдө кармалып тургандыктан, укук коргоочунун пикиринде, арасында аз кандуулук менен жабыркагандар, ден соолугу жакшы эместер болушу мүмкүн. Ошондой эле алар эмдөөдөн өткөн эмес.

«Үчүнчү маселе- адаптация, интеграция. Булар кыргыз, орус тилин түрмөдөн, лагерден окуп, үйрөнүп жүрүшкөн. Бирок баары бир кошумча билим бериш керек. Үй-бүлөдө жашаганга көндүрүш керек. Бул жагынан мамлекетте чоң жоопкерчилик турат. Бул балдар ким экени, кайдан келгени, кайсы мектепке, же бала бакчага барып атканы — мунун баары жашыруун болуш керек. Болбосо, бизде коом Өзбекстан, же Казакстандан башкача«, — деди Азиза Абдирасулова.

Балдардын энелеринин баары Ирактын түрмөлөрүндө калышкан Бирок алардын бул жактагы туугандары бөбөктөрдү асырап алуудан баш тартышкан жок.

«Ирактын түрмөсүндө, Сириянын лагерлеринде отурган аялдардын тууган-уруктары менен мен өзүм тыгыз байланыштамын. Бирөө да балдардан баш тарткан жок. «Келин-кыздарыбыз келсе, Кыргызстандын мыйзамы боюнча жооп берсин, бирок балдардан баш тартпайбыз» деп жатышат. Биз эми бул иште мамлекетке ишенишибиз керек», — дейт укук коргоочу.

Белгилей кетсек, балдар 16-мартта «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында өлкөгө атайын борт менен учуп келишкен.