Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн кайра ИИМге чакырылды

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 1-июлда кайра ИИМге чакырылды.

Кечээ, 30-июнда кечки саат 20:45 чамасында жарандык активистти белгисиз адамдар унаага салып кеткени маалымдалган. Аны менен бир канча саатка байланышууга мүмкүн болбой, түн жарымдан өтүп ИИМдин Башкы Тергөө Башкармалыгы тарабынан кармалып, кайра коё берилгени белгилүү болду.

Токтонасыров өзү журналисттерге «Башкы тергөө башкармалыгына алып барып, саат 23кө чейин суракка алышты. «Расалык, улуттар жана аймак аралык кастыкты козуткан пост жазгансың» деп айтышты. Тергөөчү капитан Алмаз Эркинбеков эртең саат 11ге кайра суракка келүүгө чакыруу берип коё берди», — деп комментарий берген.