Укук коргоочу президенттен таштанды таштоочу жайдын айланасында жашаган балдарга көңүл бурууну суранды

Укук коргоочу, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова президент Садыр Жапаровдон Бишкектеги таштанды таштоочу жайдын айланасында жашаган балдар менен энелерге көңүл бурууну суранды.

Анын айтымында, таштанды таштоочу жайдын айланасында жашаган балдар күн сайын ден соолугуна зыян алып келе турган заттар менен дем алышууда.

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» фондунун ыктыярчылары таштанды таштоочу жайдын айланасында жашаган балдарга тамак-аш жана кийим-кечелерди алып барып берип турушат. Бул үй-бүлөлөргө альтернативдүү баш калкалоочу жай берилип, турак-жай менен камсыз болушу керек. Алар өлкөдөгү кризистик абалдын курмандыгы болуп калышты. Таштанды таштоочу жайдын айланасында жашаган балдардын абалы — өлкөдө балдарды коргоонун жаңы системасы менен Балдар кодексин кабыл алуу зарылдыгынын дагы бир далили», — дейт Турдубекова.