Укук коргоочу Рита Карасартова камакта калтырылды

Жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова 12-майга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ага 278-берене (Массалык башаламандыктар) боюнча айып тагылды. Карасартова бул айыпты четке какты.

14-апрелде Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүрүп, аны милиция кызматкерлери кармап кеткен.  15-апрелде Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.