Улан Ниязбеков: «Ротация жүргүзүү иштерин дагы улантабыз»

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 2022-жылы калктын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, санарип тармагын чыңдоо, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана башка бардык багыттар боюнча бир катар жакшы жетишкендиктер ИИМде орун алгандыгын коллегияда баса белгиленди.

“Аталган иш-чаралар ушуну менен токтоп калбайт жана быйылкы жылы ушуга окшогон бир катар иш-чараларды дагы улантабыз. Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Талас облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыктарынын начальниктерине ротация иштерин жүргүзүп, айрымдарын ээлеген кызматынан бошоттук. Андан тышкары, кээ бир шаардык, райондук ички иштер бөлүктөрүнүн начальниктерине ротация иштерин жүргүзүп, жаңы дайындоолорду ишке ашырдык. Ротация жүргүзүү иштерин дагы улантып, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоону мындан ары дагы ишке ашырабыз«, — деди ал.