Улан Үсөйүн: «Жөө жүрүш, митингдерди өткөрүүгө тыюу салуу жакшы эмес. Азыркы бийлик өзү ушундай жүрүш менен келген»»

Жөө жүрүштөрдү токтотуу мүмкүн эмес. Укуктар чектелбеши керек. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта «Баштан башта» кыймылынын демилгечиси Улан Үсөйүн СЕРЕП МЕДИА агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ар жекшемби күнү Бишкекте өтүп жаткан жөө жүрүшкө чыккандар тарабынан мыйзам бузуулар болгон эмес. «Жөө жүрүшкө чыккандар тарабынан бир да мыйзам бузулган эмес. Жол кыймылына да тоскоолдук жаралган эмес. Анткени милиция кызматкерлери бардыгын көзөмөлдөп жатышты. Негизинен адамдын укугу чектелбеши керек. Жарандар баары бир чыга беришет. Бул тыюу салуу жакшы нерсе эмес«, — деди ал.

Мындан тышкары ал нааразычылыгы бар адамдардын коомго, бийликке үнүн жеткирүүгө бир гана жолу калганын баса белгиледи.

Биринчи Май райондук соту Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан жазылган арыздын негизинде 22-февралдан 22-апрелге чейин Бишкектин борбордук бөлүгүндө жөө жүрүш, митинг өткөрүүгө тыюу салган. Арызда ар жекшемби күнү өтүп жаткан жөө жүруштүн калаа тургундарынын тынч жашоосуна, жол кыймылына тоскоолдук жаратып жатканы жазылганы айтылган болчу.