Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталды

Бүгүн 12-февралда Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду” уюштурган маркум иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрү аныкталып, тапшыруу кечеси өттү.

Аталган фонд негиздеген Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү, 12-февралда жыл ичиндеги журналисттик иликтөөлөрдү карап чыгып, эң мыктыларына акчалай сыйлыктарды тапшырып келет.

Бул жылы сынакка катышуу үчүн 40 журналисттик иликтөө келип түшкөн. Алардын арасынан мыктылары делип төмөнкүлөр табылган.

1-орун журналисттер Адиль Турдукулов менен Булат Сатаркуловдун “Коррупцияга малынган Бишкектин гүл бактары” аталышындагы иликтөөсүнө ыйгарылды.

2-орун Kloop Media басылмасынынын “Коррупция шакеги” иликтөөсүнө тапшырылды.

3-орун Иликтөөчү журналисттер Али Токтакунов жана Болот Темиров “Райымбек Матраимовдун бажы империясы” деп аталган иликтөөсү үчүн берилди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү бул иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева баштаган коомдук ишмерлер, саясатчылар, медиа уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттер келген.