Уланбек Сатиев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды

Болотбек Тиллебаев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Анын ордуна Уланбек Сатиев УТРКнын башкы директору болуп дайындалды. Тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Уланбек Сатиевдин өмүр баяны:

Билими:

Эмгек жолу:

• 2006-2007-жылдары — «КООРТ» телеканалында иштеген;

• 2007-2009-жылдары — «5-канал» телерадиокомпаниясында режиссер;

• 2009-2010-жылы — Кыргыз Республикасынын президентинин пресс-кызматынын референти;

• 2010-2011-жылы — Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн референти;

• 2011-2021-жж. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн эксперти;

• 2021-жылдын май — июнь айларында — Президенттик администрациянын Маалымат саясаты кызматында маалымат саясаты бөлүмүнүн эксперти;

• 2021-жылдын июль — 2022-жылдын август айларында — КТРКнын башкы директорунун орун басары;

• 2022-жылдын август — декабрь айларында — УТРКнын башкы директорунун кеңешчиси;

• 2022-жылдын декабрынан тарта — УТРКнын башкы директорунун орун басары.