Улукбек Марипов 1 айлык маянасын кичинекей Аруузатка жардам катары которот

Өкмөт башчы Улукбек Марипов өмүрүн сактап калуу үчүн 2,3 миллион доллар талап кылынган  кичинекей Аруузатка жардам катары бир айлык маянасын берет. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан айтты.

«Кыйынчылык түшкөндө көпчүлүк бириге калып, жардам колун сунган жарандарга терең ыраазычылык билдирем. Бир чети бул Кудайдын сыноосу. Экинчиден, жардамга муктаж адамдарга жардам көрсөтүү — үлгү. Аруузаттын өмүрү узун болсун. Бир топ ыктыярчылар, көңүлкош карабаган, мээримин жана жардамын аябаган жарандарыбыз кызмат кылып, салымын кошуп жатат. Дагы да көмөк көрсөтүүгө чакырам», — деди Марипов.

Ошондой эле ал сөзүндө Аруузаттын үй-бүлөсүнө сабырдуулук жана чыдамкайлык каалап, жардам катары 1 айлык маянасын жакынкы күндөрү которорун кабарлады. Мындан сырткары ал Аруузатка өкмөт башчынын резервдик фондунан да каражат бөлүнөрүн айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин коомчулукка кичинекей Аруузаттын ата-энеси кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн жасалчу операцияга 2,3 миллион доллар керек экенин айтышып, элден жардам сурашкан.