Улукбек Марипов аялдарды 8-март менен ыр окуп куттуктады

Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жана өзүнүн атынан Аялдардын эл аралык майрамы менен ыр окуп куттуктады. Куттуктоодо премьер-министр кыргыз коомунда аялдар ар дайым ардактуу орунду ээлеп келгенин белгилеген.

Өкмөт башчы мекендеш эже-карындаштарын

“Элибиздин таянары, сүйөнөрү,

Эркелеп мээримине бөлөнөрү,

Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөнөрү.

Үйдүн куту, тиреги, очок ээси,

Улуусуңар улуттун энелери!”,- деген саптары менен куттуктады.

«Кымбаттуу биздин айымдар, сиздерге өмүрүбүз, үй-бүлөлүк бакыт, шыктандырар, колдогонуңуздар үчүн милдеттүүбүз. Аруу аялзаты менен үй-бүлөнүн куттуу очогу жана бакубатчылыгы гана эмес, жер бетинде тынчтык да кармалып турат. Аялга сый-урмат менен мамиле кылууга бала кезден тарбияланып келебиз. Аялзаты — үй-бүлө очогунун сактоочусу, акылмандыктын, ажарлуулуктун жана жанын аябастыктын символу!» — деп жазылат куттуктоодо.

Өкмөт башчы кыргыздын кыз-келиндери бүгүнкү күндө өлкөнүн саясий, коомдук, ишкердик, маданий жана спорттук жашоосуна активдүү катышып жатканына да токтолду.

«Сиздердин катышууңар жок эгемендүүлүгүбүздү сактоого, экономиканы өнүктүрүүгө, өнөр жай дараметин жандандырууга, көп улуттуу мамлекетибиздин руханий байлыгын сактоого мүмкүн эмес. Ошондой эле силерсиз алдыбызга коюлган маанилүү милдеттерди ишке ашыра албайбыз. Ар дайым назик жана сулуу бойдон жүрө бериңиздер. Жаныңыздарда сиздерди бакытка бөлөп, зор таяныч болгон адамдар дайыма бирге болсун!» — деген өкмөт башчы.