Улукбек Марипов бардык күч-аракетти курулушу аяктабаган мектептерге багыттай турганын билдирди

Өкмөт бюджеттик каражаттардын тартыштыгына карабастан, бардык күч-аракетти курулушу аяктабаган мектептердин курулушун жыйынтыктоого багыттайт. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышууда билдирди.

Өкмөт башчы Кочкор районунун бир катар айылдарынын тургундары менен жолугушуп, анда сугат суу, ирригациялык объектилердин эскилиги, курулушу жыйынтыкталбаган мектептер, азык-түлүккө баанын жогорулашы жана социалдык жөлөк пулдарды төлөп берүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Туз айылындагы 225 окуучуга эсептелген мектептин курулушу 2019-жылы башталган. Долбоордун тендердик наркы 58,3 миллион сомду түзөт, ал эми объектидеги курулуш иштери 70 пайызга жыйынтыкталган.

«Аталган мектепти жыйынтыктоого бюджеттен тийиштүү финансы каражаты бөлүнөт. Жаңы окуу жылында балдар билим алууга бардык шарты каралган мектепке барышат. Тилекке каршы, республика боюнча каражаттын жоктугуна байланыштуу курулушу токтоп турган мектептер бар. Түзүлгөн кырдаалга карабастан, өкмөт курулушу 60-70 пайыздан ашуун бүткөрүлгөн окуу жайларын жыйынтыктоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Жакынкы үч жылдын ичинде бул иштер жыйынтыкталышы тийиш», — деди Марипов.

Премьер-министр район акимдеринин инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү, ишенилген аймактардын экономикалык жагымдуулугун камсыздоо, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу маселесиндеги натыйжалуу иш алып баруусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Эгер акимдер калктын көйгөйлүү маселелерин тийиштүү деңгээлде чече албай жатса, анда алар топтолгон маселелерди чечүү үчүн мотивациясы, ниети жана билими жетиштүү жактар үчүн ордун бошотуусу керек», — деди ал.