Марипов: «Биз биргелешкен күч-аракет аркылуу товар жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард долларга чейин жеткире алабыз»

Премьер-министр Улукбек Мариповдун Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарында Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен тар курамда жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсү, ошондой эле соода процедурасын жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну жөнөкөйлөштүрүү жаатындагы өз-ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

«Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын мамлекеттик сапары ийгиликтүү өткөндүгүн белгилеп кетүү керек. Эки мамлекеттин башчысы тарабынан жетишилген макулдашуулар акыркы жылдары чечилбей келе жаткан эки тараптуу маселелерди чечүүгө түрткү болооруна ишенем. Кыргыз Республикасы үчүн Өзбекстан Республикасы менен жакын коңшулук жана бардык тармактарда өз-ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Биздин мамлекеттердин башчылары акыркы жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жакынкы жылдары өз-ара товар жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү милдетин коюшту. Соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары карай өнүктүрүү үчүн колдогу мүмкүнчүлүктү эске алуу менен биз жакынкы мезгилде биргелешкен күч-аракет аркылуу аталган көрсөткүчкө жетише алабыз деп ишенем», — деп белгиледи Улукбек Марипов.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөт башчылары эки өлкө президенттери тарабынан жетишилген мурдагы келишимдерди ишке ашыруу тууралуу макулдашты. Мындан тышкары, тараптар темир жол транзиттик жүк ташуулар жаатында, өзбек тараптын Кыргыз Республикасына жеңилдетилген негизде жогорку түшүмдүү буудай үрөнүн жана пахта үрөнүн ташуусу боюнча  оңдуу макулдашууларга жетишти. Буга катар өзбек тарап жакынкы арада акысыз негизде 10 миң мөмө-жемиш көчөтүн берүүгө даярдыгын билдирди, ошондой эле Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди үзгүлтүксүз ташуу тууралуу келишим бар.