Улукбек Марипов: «ЕАЭБге мүчө өлкөлөр биргелешкен аракеттери менен жаңы чакырыктарды жеңип чыга алат»

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.

Кеңешменин жүрүшүндө Улукбек Марипов белгилегендей, бул жолугушуу дүйнөлүк коомчулук коңшу Ооганстандагы окуялардын тездик менен өнүгүүсүнө кооптонуу менен көз салып, аймактык коопсуздукка тийиштүү коркунучтар орун алып жаткан учурда өтүп жатат.

«Болуп жаткан окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна белгилүү таасирин тийгизиши шексиз. Ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын катарында ЕАЭБ мамлекеттеринде табият кырсыктары мүнөзүндөгү ар кыл өзгөчө кырдаалдар орун алууда. Айрым убактылуу турукташууга жана өлкөлөрдөгү жапырт вакцинациялоого карабастан, COVID-19 байланыштуу жөнөкөй эмес эпидемиологиялык кырдаал сакталууда. Буга катар биздин Бирлик биргелешкен аракеттери жана өз-ара колдоо көрсөтүү аркалуу жаңы чакырыктарды жеңип чыга алат деп ишенем», — деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны алкагында кабыл алынган чечимдер Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялашууга мыкты түрткү берерине ишеним билдирди. 20-августта өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кеңейтилген форматта өтүп, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 20 ашуун маселе камтылган.