Улукбек Марипов: «Эми дыйкан-фермерлерге арзан кредиттер берилет»

Быйылкы жылдын 15-февралынан тарта “Айыл чарбасын каржылоо-9” долбоорунун алкагында дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредиттер бериле баштайт. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов кечээ,13-февралда өткөргөн жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү боюнча селектордук кеңешмеде билдирди.

“Өкмөт айыл чарба техникасын сатып алуу боюнча лизингдик программаны ишке ашырууга 540,1 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алган. Ал эми 15-февралдан тарта дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит берүү башталат. Ошондой эле алар үчүн үрөн өндүрүүчү чарбалардан базар баасынан 30 пайызга төмөн баада сертификацияланган үрөндү сатып алуу механизми жөнөкөйлөштүрүлөт”, — деди Марипов.

Ошондой эле Марипов аталган жыйындын соңунда жер-жерлердеги район акимдеринин ишине талаптар күчөтүлө тургандыгын жана ар бир район боюнча талдоо жүргүзүлүп, алардын ишине баа берилерин баса белгиледи.