Улукбек Марипов Жерүй кениндеги «Талас» алтын комбинатынын иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жерүй кениндеги «Талас» алтын комбинатынын иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Анда «Алтын Альянс» компаниясынын кызматкерлери алтындын электролизи жана эритүү процессин көрсөтүшкөн. Натыйжада 25 килограммдан ашуун алтын куймасы алынды.

«Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 1086 килограмм алтын өндүрүлүп, баалуу металлдарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ылайык, 940 килограмм тазаланган алтын Улуттук банк тарабынан сатылган. Жыл аягына чейин 2300 килограмм алтын өндүрүү пландалууда»,— деп айтылат маалыматта.

Улукбек Марипов ошондой эле калдык сактоочу жайдын абалын текшерди. Ал белгилегендей, Министрлер кабинети үчүн экологиялык коопсуздук маселеси артыкчылыктуу саналат жана өзгөчө көзөмөлдө турат. «Алтын Альянс» компаниясы маалымдагандай, калдык сактоочу жайга коюлган калдыктардын коопсуздугун камсыздалып жана кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптар толугу менен сакаталат.