Улукбек Марипов: «Жол курулушу үчүн транспорт министри жеке жоопкерчилик алат»

Премьер-министр Улукбек Марипов жумушчу сапарынын алкагында Нарын облусунун Жумгал районундагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты жана жергиликтүү калк менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилесек, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун узундугу 433 чакырымды түзөт. Эпкин-Башкууганды тилкесинде 2020-жылдын ноябрь айында подрядчикке шарттарды бузгандыгы үчүн келишимди бузуу тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн. Учурда жаңы подрядчыны тандоо үчүн тендердик документация даярдалууда.

Премьер-министр белгилегендей, тендерде жеңген компания өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарган эмес, үч жылдын ичинде каралган 70 пайыз иштин 9 пайызы гана аткарылган. «Жаңы тендер өткөрүлөт. Жолдун курулушун жеке көзөмөлүмө алам. Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги астында ишти тездетүү жана бардыгын өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо милдети турат. Министр бул үчүн жеке жоопкерчилик алат», — деди ал.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, өкмөттүн ишинин негизги максаты катардагы жарандардын жашоосун жакшыртуу. «Мен аталган жол тилкесинде болдум, жолдун чаңы көтөрүлүп, айрым тилкелерде асфальт такыр төшөлгөн эмес. Карапайым эл кыйналууда, мындайга жол берилбеши керек», — деди өкмөт башчы.