Улукбек Марипов: «Мыкты адистердин өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы — мамлекеттин кемчилиги»

Премьер-министр Улукбек Марипов IT-тармагында иштеген ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT-тармактын маанилүүлүгүн жана бизнес-тармактын бюджеттин киреше бөлүгүнө 21 миллиард сомдон ашуун киреше салыгы түрүндө жана социалдык чегерүүлөргө 17 миллиард сомго жакын каражат суммасындагы салым кошуп жаткандыгын белгиледи, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 15 пайызга көп.

«Бүгүнкү жолугушуу – бул өлкөдөгү ишкерликти, инвестицияны жана экспортту өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик бизнеске колдоо көрсөтүү маселелери талкууланган мурдагы жолугушуулардын уландысы катары саналат. Иштин 70 пайызы программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен байланыштуу экендигин угуу кубанычтуу. Бизде программисттердин армиясы өсүп келе жатат, алардын көпчүлүк бөлүгү чет өлкөдө иштешет. Мыкты кадрлардын өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы – мамлекет тараптан кетип жаткан кемчилик десек болот. IT-тармакка тийиштүү көңүл бурулбай жаткандыгын моюнга алуу керек, бирок биз бул маселе боюнча абалды жана ага карата мамилени өзгөртүүгө ниеттенүүдөбүз. Тактап айтканда, мамлекеттик органдарды санариптештирүү менен алектенген мамлекеттик органдын макамын жогорулатуу пландаштырылууда, жогорку кесипкөй кадрларды ишке тартуу менен бардык министрлик жана ведомстволордо IT жааты боюнча орун басар кызматын киргизүүнү болжоодобуз», – деди өкмөт башчы.

Премьер-министр белгилегендей, жакын арада президенттин төрагалыгы астында чоң форум өткөрүлөт, анда санариптештирүү жана жаңы стратегияларды иштеп чыгуу тармагындагы учурдагы абал талкууга алынат.

Өз кезегинде IT-бизнестин өкүлдөрү өздөрү дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти, тактап айтканда, мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бар, бул себептен бир катар инвестициялык идеялар ишке ашырылбастан калууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында, өкмөт башчы биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди чечүүгө, андан соң баскычтуу түрдө башка актуалдуу маселелерди чечүү убадасын берди.