Марипов: «Оорукана коронавирустун жеңил түрү менен ооруган жаранга 50 миң, оор түрүнө 100 миң сом каражат коротот»

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов коронавирусту жуктурган бейтаптарды дарылоого мамлекет канча каражат сарптарын айтты. 

«Стационарга вирус жугуп түшкөн адамды мамлекет 100 пайыз бекер дарылайт. Биз эсептеп көрдүк, жеңил түрү менен жатса, 10 күнгө 50 миң сомдой, оор түрүнө 100 миң сом кетет экен. Мунун баары мамлекеттин бюджетинен каржыланат. Мен ойлойм, эгер вакцина алса, оору жеңил өтөт», — деди ал.

Ошол эле учурда ооруканалардын дарыканаларга 1 миллиард сомго жакын карызы бар экенин айтты. Буга байланыштуу Марипов эмдөөнү COVID-19 менен күрөшүүнүн бир жолу экенин айтты.