Улукбек Марипов Ысык-Көлдөгү селдин кесепетинен суу астында калган жолдорду кыска мөөнөттө тазалоону тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдарга Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы жана Тоң, Жети-Өгүз райондорундагы жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча шашылыш чараларды кабыл алууну тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Транспорт жана жолдор министрлигине аймак тургундары жана куткаруучу бригадалардын тоскоолдукусуз өтүүсү үчүн кыска мөөнөтттө суу астында калган жолдорду тазалоо тапшырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга зарыл болгон учурда куткаруучулардын кошумча күчүн тартуу, ошондой эле суу астында калган райондорду тазалоо иштерине атайы техника менен камсыздоосу тапшырылды.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жана Тоң, Жети-Өгүз райондорунда катуу жааган жаан-чачындын кесепетинен улам сел жүрүп, турак-жайлар, айрым тилкелерде жолдор жуулган жана көпүрөлөр бузулган.