Улуттук банк дагы 38 миллион доллар сатыкка чыгарды

Ккчээ, 4-февралда өлкөнүн башкы банкы кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, сатыкка 38 миллион доллар чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеме мындай кадамын доллардын курсун кармап туруу үчүн жасаарын билдирет.

Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84 сом 90 тыйындын тегерегинде болуп жатат.

Улуттук банк акыркы жолу 28-январда 45 миллион 700 миң долларды сатыкка чыгарган. Бул өлкөнүн башкы банкынын 2021-жылдагы биринчи жана он айдан бери эң көп суммадагы интервенциясы болуп калган.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар 2020-жылдын март айында 85 сомго көтөрүлүп кеткендиктен Улуттук банк мезгил-мезгили менен интервенция жасап жатат.