Улуттук банк 46 миллионго чукул долларды сатыкка чыгарды

Улуттук банк жыл башынан бери алгачкы интервенцияны жасады. Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкынан  билдиришип, финансылык рынокко 45 миллион 700 миң доллар сатканын жазышты.

Улуттук банк доллардын наркын туруктуу кармоо үчүн маал-маалы менен интервенция жасап турат.

Учурда доллардын кыргыз сомуна карата наркы 84 сом 80 тыйынды түзөт.

2020-жылдын башында доллардын баасы 70 сомдон ашчу эмес. Анын курсу ай сайын өсүп отуруп, бир нече жолу 85 сомго чейин көтөрүлгөн учурлар болгон. Былтыр мунун айынан Улуттук банк 30 жолу жалпы суммасы 518 миллион 500 миң долларга жеткен интервенция жасоого аргасыз болгон.