Улуттук банк эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, алтын куймаларды сатуу боюнча операцияларды убактылуу токтотту

Улуттук банк эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, ошондой эле өлчөнгөн алтын куймаларды жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операцияларды убактылуу токтотот. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим өлкөдөгү курч эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү тобокелдигин азайтуу максатында кабыл алынган. Операциялар өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин токтотулган.