Улуттук банктын төрагасы эмне үчүн 120 миң сом айлык аларын айтты

Буга чейин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, анын бир айлык маянасы 120 миң сом экенин айткан.

Мындан улам  Улуттук банктын төрагасы бүгүн,12-февралда «Биринчи радионун» түз эфиринен интервью берип жатканда, ага угармандардын бири “Сиз эмне үчүн 120 миң сом айлык маяна аласыз? ”,- деп суроо узаткан.

Суроого Абдыгулов Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын маянасы президенттин жарлыгы менен аныкталат деп жооп берген. «Мен бул эмгек акыны өзүм койгон эмесмин, жана бул өтө жоопкерчиликтүү жумуш”,-деп билдирген ал өз сөзүндө.