«Улуттук электр тармактары» ишканасынын улук инспектору кармалды

Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКтын Бишкек электр тармактар ишканасынын жооптуу кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

25-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1 миллион 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКтын Бишкек электр тармактар ишканасынын ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору 1983-жылы туулган жаран кармалып, №1 тергөө абагына киргизилди.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран материалдык кызыкчылыкты көздөп, жаңы турак жай комплекстерин электр тармагына кошуу үчүн техникалык шарттарды берүүдө жеке курулуш компанияларынан акча талап кылгандыгы аныкталган.