Улуттук энергетикалык холдинг: «Резервдер жок. Тарыхый максималдуу керектөөгө 3,3 миң мегаваттка жетти»

Кыргызстанда электр энергиясын суткалык керектөө саатына 70 миллион киловаттка жетти. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Бишкектеги маалымат жыйында Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди. 

Холдинг жетекчиси маалымат жыйынын өткөрүүгө социалдык тармактарда жылуулук мезгилинин өтүп жатканы жана Токтогул ГЭСинин иштеши тууралуу туура эмес маалыматтар себеп болгонун билдирди. «Өткөн жылы суткасына 55 миллион кВт/саат керектелсе, быйыл 70 миллион кВт/саатка чейин же 15 миллион кВт/саатка көбөйдү», — деди ал.

Анын айтымында, кечки маалда электр энергиясын керектөө кубаттуулугу 3350 МВт рекорддук көрсөткүчкө жеткен, ал эми былтыркы керектөө кубаттуулугу 3000 МВт болгон. «Электр энергиясын керектөө кубаттуулугу 3,3 миң МВт болгондугуна байланыштуу бизде резерв жок. Кардарлардан кечки саат 17:00дөн 21:00гө чейин электр жылытуу мештерин жана кондиционерлерди өчүрүүнү суранабыз», — деди ал.