Улуттук энергетикалык холдинг: «Өлкөдө электр жарыгын өчүрүү болгон жок. Майда өчүрүүлөр жөнгө салуу чараларына байланыштуу»

«Кыргызстанда электр жарыгын өчүрүү болгон жок. Майда өчүрүүлөр жөнгө салуу чараларына байланыштуу», — деди бүгүн, 16-январда маалымат жыйынында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев.

Анын айтымында, өчүрүүлөр автоматташтыруунун иштешине байланыштуу болгон. Республиканын энергетика системасынын бардык жабдуулары аны менен жабдылган. Жүктүн максималдуу мүмкүн болгон көлөмүндө бузулууларды болтурбоо үчүн автоматташтыруу иштетилет. «Мындай болгон учурда биз кол менен которушубуз керек, түйүн берүүчү көмөк чордондордун ортосунда жүктөрдү тез бөлүштүрүү керек», — деди Таалайбек Байгазиев.