Улуттук госпиталда жаңы МРТ аппараты ишке кирди. Бир изилдөөнүн баасы 2000-2200 сомду түзөт

Бүгүн, 4-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томографиялык аппараттын ачылыш аземи болуп өттү.

Бул заманбап МРТ аппараты Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында сатып алынган. Алдыңкы технологиялар менен жабдылган жаңы медициналык аппарат бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык изилдөөгө, анын ичинде COVID-19дун ар кандай кесепеттерин аныктоого мүмкүндүк берет. Улуттук госпиталда бүгүнкү күнгө чейин бир дагы МРТ аппараты болгон эмес. МРТ текшерүүсүнө муктаж бейтаптар жеке медициналык борборлорго кайрылууга аргасыз болуп, бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине ыңгайсыздык жараткан.

MРТ диагностикасы балдар жана ымыркайлар үчүн эң коопсуз болуп саналат, анткени ал магниттик таасирге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар нурлануунун нөлдүк дозасын алышат. Болжолдуу МРТнын кубаттуулугу, бейтаптын патологиясынын оордугуна жараша, күнүнө орточо 10-15 адам кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда Улуттук госпиталда МРТнын прейскуранты иштелип чыгууда, болжол менен бир изилдөөнүн баасы 2000-2200 сомду түзөрү пландалууда.

Долбоордун алкагында буга чейин ушундай эле МРТ аппараты сатып алынып, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна орнотулган.