Улуттук госпиталда МРТ жана КТ текшерүүлөрү 24/7 режиминде дем алышсыз иштей баштады

Улуттук госпиталда МРТ (магниттик-резонанстык томография) жана КТ (компьютердик томография) текшерүүлөрү күнү-түнү, 24/7 режиминде дем алышсыз иштей баштады. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Тез жардам кызматы аркылуу келген оор абалдагы бейтаптар кезексиз кабыл алынат. Ошондой эле, Улуттук госпиталда ден соолугунун абалы ар кандай бейтаптарды анестезиолог-реаниматологдун коштоосунда жеткирүү кызматы көрсөтүлөт.
Прейскурант:
🔸 Компьютердик томография — 1400 сом
🔸Магниттик-резонанстык томография — 2100 сом
🔸Бейтаптарды шаар ичинде ташуу (Бишкек) — 2400 сом
*Диск жана пленка изилдөөнүн наркына кирет.
Колл-борбор аркылуу алдын ала катталуу:
0558551295
0709905511
w/a 0709905511
☎Стат. номер: 1295

Улуттук госпиталдын дареги: Тоголок Молдо 1.