Улуттук госпиталдын дарыгерине бейтаптын тууганы кол салган видео жарыяланды

Улуттук госпиталда бейтаптын тууганы нөөмөттөгү дарыгерге кол салды. Бул тууралуу Медициналык профсоюз уюмунун төрайымы Бермет Барыктабасова билдирди.

Окуя 2023-жылдын 30-декабрына караган түнү болгон. Барыктабасова видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анын айтымында, дарыгер бейтаптын өмүрүнө коркунуч жок жана инсульт жок экенин, сасык тумоо менен ооруганын айткан. Бул жооп бейтаптын тууганына жакпай, чачынан жулуп баштаган. 

Редакция окуя боюнча Биринчи Май  РИИБге кайрылганыбызда, маалымат берилерин убадалашты.