Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ Түркияга бекер окутууга жөнөтүлдү

Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Түркиянын Инөнү университетинин ортосунда кол коюлган кызматташуу келишиминин алкагында бүгүн, 24-январда Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ боорду трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө керектүү билимди жана практикалык тажрыйбаны алуу боюнча стажировкадан өтүү үчүн үч айлык мөөнөткө Түркияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

13 адистен турган дарыгерлер тобунда хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана медайымдар бар.

Биздин адистер Түркиянын Инөнү университетинде бекер окуудан өтүшөт, окуу мезгилинде бекер жатакана жана тамак-аш менен камсыз болушат.