Улуттук кардиология борборунун директору кызматтан бошотулду

Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Сарыбаев Министрлер кабинетинин 29-ноябрдагы буйругуна ылайык ээлеген кызматынан бошотулган. Директордун милдеттери убактылуу Тез жардам кардиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Медет Бейшенкуловго жүктөлдү. Бүгүн, 30-ноябрда аны саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жамаатка тааныштырды.

Акпай Сарыбаев 2019-жылы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалган.