Улуттук китепкана онлайн режимде иштеп баштады

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана 14-майдан 23-майга чейин онлайн режимде кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук китепкананын сайтында айтылат.

Мындай чечим өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган.

«Окурмандар суроо-талаптары менен онлайн режимде күн сайын саат 10:00дөн 16:00гө чейин кайрыла алышат. Китептер иш күндөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин Жумабек көчөсүндөгү эшиктен кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.