УКМКнын жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы УКМКнын Баткен облусу боюнча ардагерлеринин төрагасы, запастагы полковник Куванычбек Касымов мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Ал 31-январда жол кырсыгынан каза болгону маалымдалды.
Полковник Куванычбек Касымов 1964-жылы 1-январда Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айылында туулган. УКМКда кызматын 1994-жылдын январында баштап, оперативдүү кызматкерден тартып, УКМКнын ар кайсы бөлүмдөрүнүн жетекчилигине чейинки жолду басып өткөн. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп жүргөндө кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоодо улуттук коопсуздукту камсыз кылууга зор салым кошкон. 2024-жылдын 23-декабрында президент тарабынан Кыргызстан мамлекетине жана элине сиңирген зор эмгеги үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган. Ошондой эле, кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн демилгеси жана кесипкөйлүгү үчүн улуттук коопсуздук органдарынын ар кандай мекемелик сыйлыктары жана мамлекет башчысынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Улуттук коопсуздук органынын ардагери Куванычбек Касымов дүйнөдөн кайтты
- Categories: КООМ
Related Content
Ошто 20 миң түп жоогазын гүлүн ачты
Автор
СЕРЕП МЕДИА
10:16 03.04.2026
Алмамбет Шыкмаматов: "Салыкчыны опузачы катары көрбөшүбүз керек"
Автор
Эдита Ильясова
09:54 03.04.2026
Бишкектеги муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын тарифи жаңы система киргизилгенге чейин өзгөрүүсүз калат
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:49 03.04.2026
Иттер талап, тиш салган баланын абалы туруктуу, бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:46 03.04.2026
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Жасмин" кафесинин ээси менен жолукту
Автор
СЕРЕП МЕДИА
09:39 03.04.2026