Министрдин мурдагы орун басары Союзбек Надырбеков Улуттук маданий борбордун башкы директору болуп дайындалган.
Союзбек Надырбеков 1990-жылы 16-сентябрда Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында туулган.
2015-2017-жылдары — Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты (магистратура);
2017-жылы — Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Саясий институттар” багыты (аспирантура) боюнча билим алган.
Эмгек ишмердиги:
2012-2013- жылдары — “Лидер жаштар клубу” КБ негиздөөчүсү, төрагасы;
2013 -2015-жылдары — «KGM», азыркы «Luna travel» туристтик компаниясында башкы менеджер;
2015-2017-жылдары — “Asia Children Charity” эл аралык кайрымдуулук фондунда аткаруучу директор;
2017-жылы — “Dream K” туристтик компаниясында башкы директор;
2017-2018-жылдары — III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгында координатор;
2018-2019-жылдары — “King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe” (Сауд Аравия) координатор;
2019-жылы — Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борборунда (TURKSOY 2019) Логистика багыты боюнча жооптуу;
2019-жылы — Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде Логистика багыты боюнча жооптуу;
2019-2020-жылдары — Дүйнөлүк этно конфедерациясында маданият боюнча менеджер;
2020-2021-жылдары — Жогорку Кеңештин «Республика — Ата Журт» фракциясынын катчылыгынын консультанты;
2021-жылы — Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде директордун орун басары;
2021-2023-жылдар аралыгында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматын аркалаган.