Улуттук олимпиаданын качан өтөрү маалым болду

Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-2024-окуу жылында математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиаданы өткөрүү жөнүндө буйругу бекиди.

Буйрук математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын командасын түзүү жана даярдоо максатында чыкты.

Олимпиаданын I, II, этаптары онлайн режиминде, III, IV этаптары офлайн режиминде өткөрүлөт.