Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Карабай Бозорбоев 99 жашында көз жумду

Бүгүн, 30-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштун ардактуу ардагери Карабай Бозорбоев 99 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Карабай Бозорбоев 1925-жылы 20-майда туулган. 1931-жылы башталгыч мектебине 1-класска барып, ал мектептен 5-класска чейин билим алган. 1936-1940-жылдарда Чапаев колхозунан эмгек жолун баштаган. Азыркы мезгилде Ноокат районунун Мирмахмудов айылдык аймагынын Чапаев айылында жашаган.

Карабай Бозорбоев 18 жаш курагында 1943-жылы согушка аттанып, Ленинград шаарында согушта болгон. Согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдар менен сыйланган. Согуш мезгилинде алган жаракатынан улам 2-топтогу майыптык алган. 1948-жылы согуш аяктагандан кийин өз эли-жерине аман-эсен кайтып келип, Чапаев колхозунда эмгектенип, пенсия жашына чейин элге кызмат кылган.

Карабай Бозорбоев өмүрлүк жары Вазипа Бозорбоева менен биргеликте 4 уул, 2 кызга татыктуу тарбия беришкен. Азыр 20 небере, 70 чөбөрө, 4 кыбырасы бар. Өмүрлүк жары Вазипа Бозорбоева эне 2018-жылы 86 жашында оорудан улам каза болгон.