Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Суранбай Алиев 103 жашында көз жумду

Кечээ, 8-август күнү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Суранбай Алиев 103 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Суранбай Алиев 1920-жылдын 10-майында Алай районуна караштуу Жошолу айылында жарык дүйнөгө келген. Мектеп жашына жеткенде Жошолу айылындагы мектептен сабаты ачылган. Колхоздоштуруу мезгилинде өспүрүм кезинен баштап 20 жашка чейин колхоз жумушуна иштеген.

1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Согуш мезгилинде Советтер Союзунун Саратов, Волгоград, Калининград, Ростов-на-Дону шаарларын коргоого жана бошотууга катышкан. 1944-жылдын декабрь айында фашисттер менен болгон катуу кармашта оң колунан оор жаракат алып, госпиталга жаткырылып, андан кийин мекенине кайтып келген.

Кандуу согуштан кайтып келип, туулган айылындагы колхоздо кампачы, бир нече жылдар бою чабан, жылкычы болуп эмгектенип, Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр совхозунда малды бордоп семиртүү комплексинде эмгектенген. Мал чарбасын өнүктүрүүгө зор салым кошуп, 1986-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн бир нече орден, медалдар менен сыйланган. 9-Май улуу Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн салтанатта эки ирет Кыргыз Республикасынын президентинин, 2019-жылы Орусиянын президентинин атайын сыйлыктары менен сыйланып, Москва шаарына сыйлуу конок катары чакырылып, республиканын ичинен барган 12 ардагер менен бирге майрамдык салтанатка катышып келген.

Өмүрлүк жары Мария Мырзаева экөө 4 уул, 4 кыздын ата-энеси болуп, 80ге жакын небере-чеберенин бактылуу чоң атасы болгон. Ардагердин ысымы Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнүн Медресе айылынын № 5 көчөсүнө Суранбай Алиев атындагы көчө деп берилген.