Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилди

Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

Алардын катарында: 1 согуштун майыбы, 13 согуштун катышуучусу, 7 концлагерлердин туткуну жана 11 Ленинград блокадасынын катышуучусу бар.

Президенттин “Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардамды төлөө жөнүндө” тескемесине ылайык, бардык ардагерлерге 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Жалпысынан 3,2 миллион сом суммадагы каражат төлөндү.