Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүү максатында 100 000 сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам берилет. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Ардагерлеринин төмөнкү категорияларына берилет:
Мындан тышкары, 2023-жылы согуштун ардагерлерине мурдагы жылдардагыдай эле 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгын майрамдоого карата бир жолку акчалай жөлөкпулдар берилет. Жалпысынан Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө карата республика боюнча 68 адам бир жолку материалдык жардам алышат. Аны төлөөгө 6 миллион 868 миң сом каралган. Бир жолку материалдык жардамды төлөө 2023-жылдын 9-майына чейин банктык эсептерге которуу жана райондук, шаардык почта бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт.