Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сом өлчөмүндө бир жолку колдоо көрсөтүлөт

Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сом өлчөмүндө бир жолку колдоо көрсөтүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин эске алып, кыргызстандык жоокерлердин улуу эрдигине терең сый-урмат көрсөтүү менен таазим этип, ардагерлерге Ата Мекенди коргоодогу эрдиги жана баатырдыгы үчүн ыраазычылык билдирүү иретинде президент Садыр Жапаров буйрукка кол койду. Ага ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү иретинде 70 миң сомдон бөлүндү»,- деп айтылат маалыматта.

2021-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар.