Улуу Британиянын элчиси Максим Бакиевди экстрадициялоо боюнча суроого жооп берди

«Биз Максим Бакиевдин ишинин маанилүүлүгүн түшүнөбүз», — деп билдирди Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер.

Ал журналисттердин Кыргызстандын мурдагы жаранын экстрадициялоо боюнча берген суроосуна жооп берди. «Улуу Британиянын өкүлдөрү мурда белгилегендей, биз бул боюнча комментарий бербейбиз. Бул Улуу Британия үчүн өтө маанилүү маселе бойдон кала берет», — деди ал.

Качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин директору болгон. 2010-жылдан бери Лондондо жашап, саясий башпаанек жана жашоого уруксат алган. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен  өмүр бою эркинен ажыратылган.