Ун, кумшекер, майдын баасы кымбатташы мүмкүн экени маалым болду

Бүгүн, 26-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов Жаңы жылдан баштап ундун баасы кымбаттай турганын айтты.

Буудайдын баасы 12 пайызга, ун 14-15 пайызга кымбатташы мүмкүн экени маалым болду. Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын берген маалыматына караганда, буга Министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнүн аяктап жатканы себеп болууда. «Кошумча нарк салыгы киргенден кийин баа кымбатташы мүмкүн. Мунун арасында ун, кумшекер, май да бар», — деди ассоциациянын башчысы.