Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары эмне жөнөткөн?

Кыргызстан гуманитардык жардам катары Ооганстанга 30 тонна ун жана 10 тонна кумшекер берди. Бул тууралуу журналисттерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бардыгы Кыргызстанда чыгарылган. Министрлик Ооганстанга 2021-жылдын май айында Казакстандан алынган ун берилгенин четке какты. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 30 тонна ун жана 10 тонна кумшекер бөлүнгөнү белгиленди. Буга чейин ЖМКларга президенттин администрациясы Ооганстанга гумжардам катары эмнелер жиберилгенин айта алган эмес.

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган Кыргызстандын делегациясы 23-сентябрда Кабул шаарына Кыргызстандын элинин атынан ооган элине гуманитардык жүк жеткирген.