Унаа башкарып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн окуучулардын видеосу тарады

Социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы мектептин 7-класстын окуучулары тартылган деген видео тарады.

Видеодон 4 өспүрүмдүн унаа башкарып бара жатканын, ошондой эле сөгүнгөнүн угуп-көрүүгө болот. «Ай ата-энелер, бала керекпи силерге? Бирөөнү сүзүп же өзү оодарылып кетсе, бийликке кайрыласыңар», — деп жазат колдонуучу.

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына байланышканыбызда, тактап жатышканын айтты. «Бул видео Кызыл-Кыя шаарында тартылган эмес экен. Муну азыр Ош облусунун Ноокат районундагы кызматкерлер тактап жатат. Маалымат такталганда бөлүшөбүз», — дешти.

Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар!