Унаа базардын абалы нааразычылык жаратты (видео)

Социалдык тармактын колдонуучусу Бишкектин четиндеги унаа базарынын абалы тартылган видео менен бөлүштү.

Ал унаалар баткакка батып, тыгын пайда болгонун көрсөткөн. Видеонун автору базардын администрациясы ар бир унаадан 300 сомдон алса да шарт түзбөгөнүнө нааразы болду.