Унаа базары, мечит, мончо… Жалал-Абад шаарында бир нече чектөөлөр алынды

Унаа базары, мечит, мончо… Жалал-Абад шаарында бир нече чектөөлөр алынды. Бул тууралуу кечээ, 19-ноябрда шаардын мэриясынан билдиришти.

Биринчиден, унаа базарына коюлган чектөө алынып, базар мурункудай тартипте ишин улантат. Экинчиден, 20-ноябрдан тартып мечиттерде жума намазын окуганга уруксат берилди. Бирок санитардык эрежелер тыкыр көзөмөлдөнөт. Эгер талапка жооп бербеген мечиттер болсо аларга кайрадан чектөө киргизилет. Үчүнчүдөн, чектөө киргизилген коомдук мончолор иштейт. Буга чейин менчик мончолор гана иштеп, коомдук мончолорго тыюу салынган эле. Төртүнчүдөн, коомдук тамактануучу жайлардын саат 20:00дөн кийин иштөөсүнө тыюу салган чектөө алынды. Бирок адамдын саны 50дөн ашпай, санитардык эрежелер так сакталышы зарыл. Ал эми чайканалардын иштөөсүнө уруксат берилди. Бильярд залдарынын иштөөсүнө да уруксат берилди.

Ал эми бала бакчаларга, интернет клубдарына, той-аштарга байланыштуу киргизилген чектөөлөр күчүндө калды. Ошондой эле базарлар график менен жумасына бир ирет жабылып, санитардык күн болот.